Кеңеш айылдык ооруканадагы абал кандай?

3 Октябрь 2020 жыл 20:44
Количество просмотров: 50

Кыргызстанда кайрадан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинен Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында коронавирус жуктургандардын саны 30дан ашты.

Ооруканага келгендердин саны аз, баары үй шартында даарыланышууда

Бул тууралуу №9 ҮДТнын башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы билдирди:

«Коронавирус жуктургандардын саны 30дан ашты. Баарынын абалы туруктуу, үй шартында дарыланып жатышат. Оор абалдагылар жок болгондугуна байланыштуу стационар азырынча ачыла элек бирок баары даяр. 6 кислородный аппарат, 2 ингалятор бар.

Айыл тургундары эч кандай санитардык эрежелерди сактабай атат. Той-топурлар, өлүмтүктөрдү эскертүүлөргө карабастан штрафын төлөп коюп эле кылып жатышат».

Башкы дарыгер балдардын пандемия учурундагы абалы тууралуу дагы токтолуп кетти: «Балдардын абалы жакшы, патронаждар үйлөрдү кыдырып карап жатышат. Эскертүүлөрдү айтып жатабыз, жаш балдарда коронавирус аныктала элек. Мурдагыдай эле жеңил оорулар болууда».

Буга кошумча медайым Хадича Жамшитбек кызы кош бойлуу аялдардын абалы жакшы экенин айтты:

медайым Хадича Жамшитбек кызы

«Кош бойлууларга өкмөт тарабынан ар кандай жардамдар көрсөтүлөт. Жалпысынан Кеңеш айыл аймагында 144 кош бойлуу аялдар бар. Ковид-19 вирусу менен катталган кош бойлуулар азыркы тапта жок»,-дейт Хадича Жамшитбек кызы.

 

Аймончок Кожонова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь